В. Путин ДЕАШтын жеңилүүгө учурагандыгын айтты

Путин ДЕАШ террордук уюмунун Сирияда жеңилгендигин бирок дүйнөнүн ар тарабында кол салууларды жасоо потенциалынын бар экендигин белгиледи.

944338
В. Путин ДЕАШтын жеңилүүгө учурагандыгын айтты

Орусиянын президенти В. Путин ДЕАШ террордук уюмдун жеңилүүгө учурагандыгын айтты. Сирия тууралуу үч тараптуу саммит үчүн Анкарага келген Путин Москва эл аралык коопсуздук конференциясына билдирүү жиберди. Путиндин билдирүүсүн Орусия коопсуздук кеңешинин секретары Николай Патрушев окуду.

Путин ДЕАШ террордук уюмунун Сирияда жеңилгендигин бирок дүйнөнүн ар тарабында кол салууларды жасоо потенциалынын бар экендигин белгиледи.

ДЕАШтын азыр да чоң кыйратуучу потенциалынын бар экендигин айткан Путин : «ДЕАШтын ылдам түрдө тактика өзгөртүүгө жана дүйнөнүн ар башка шаар же аймактарында кол салуу потенциалы бар. Башка террордук уюмдар да чоң коркунучту түзүүдө»,- деди.

ДЕАШтын чоң катнашта жеңилүүгө учуратылгандыгын белгилеген АКШнын президенти Дональд Трамп жакында өлкөсүнүн Сириядан чыгарын билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар