АКШ ЙПГге бериле турган жардамды токтотууда

Wall Street Journal терродук уюм ДЕАШка каршы күрөштүн Сирияда акыркы учурларда чыкпас жолго кириши Трамптын чечиминде таасирдүү болгондугун белгиледи.

941527
АКШ ЙПГге бериле турган жардамды токтотууда

АКШнын президенти Дональд Трамп тышкы иштер министрлигине Сирияда  ПКК/ЙПГ террордук уюмдар текшерүү астына алган аянттарды кайрадан куруу үчүн бөлүнгөн 200 миллион долларлык жардамды токтотуу жолдомосун берди.

Wall Street Journal гезитинин Ак үйдүн жетекчилерине таяндырып берген кабарында АКШ Сирияда келечектеги ролун карап чыкты. Ушунун негизинде Трамптын тышкы иштер министрлигине Сирияда АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы эл аралык коалициянын колдоосу менен ПКК/ПЙД – ЙПГ террордук уюму колго алган аянттардын кайрадан курулушу үчүн бөлүнгөн 200 миллион долларлык жардамды тоңдуруу жолдомосун бергендиги билдирилди.

Гезит терродук уюм ДЕАШка каршы күрөштүн Сирияда акыркы учурларда чыкпас жолго кириши Трамптын чечиминде таасирдүү болгондугун белгиледи.

200 миллион долларлык кошумча фонд убадасы мурунку мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон тарабынан февраль айында Кувейтте өткөн ДЕАШка каршы коалиция жыйынында  берилген болчу.

 



Тектеш кабарлар