АКШ Орусиянын чечимине каршылык көрсөттү

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусиянын чечиминин туура эмес экени белгиленди.

940805
АКШ Орусиянын чечимине каршылык көрсөттү

АКШ, Орусиянын айрым америкалык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу чечимин «АКШ-Орусия карым-катнаштарын дагы да начарлатышынын бир белгиси» катары сыпаттады.

Ак үйдүн Басма сөз кызматынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Орусиянын чечиминин туура эмес экени белгиленди.

Билдирүүдө: «Орусиянын америкалык дипломаттарды өлкөдөн чыгаруу үчүн таштаган кадам, АКШ-Орусия карым-катнаштарынын дагы да начарлашынын бир белгиси болуп саналат. АКШнын жана 20дан ашуун НАТОго мүчө өлкөнүн орусиялык дипломаттарды өлкөдөн чыгарышы, Орусиянын Англиядагы кол салуусуна жооп иретинде эле. Орусиянын да буга жооп кайтара турганы күтүлгөн жана АКШ муну жеңет»,-деп айтылды.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, орус дипломаттарды чыгарган өлкөлөргө жооп кайтарыла турганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар