Израилдин премьер - министри ооруканага жаткырылды
Израиль полициясы Нетаньяху менен 19 - мартта өткөрүлүшү пландалган тергөөнү ден соолугуна байланыштуу кечеңдеткен болчу.
939301
Израилдин премьер - министри Беньямин Нетаньяху ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылды. Дарыгери Нетаньяхунун температурасынын жогорулашы жана жөтөлдөн улам ооруканага жаткырылгандыгын белгиледи.
Нетаньяхунун дарыгери Израиль премьер - министринин эки жума мурда да ооруп калгандыгын бирок жетеринче эс ала албагандыктан кайталынышы мүмкүн экендигин айтты.
Израиль полициясы коррупция тууралуу Нетаньяху менен 19 - мартта өткөрүлүшү пландалган тергөөнү ден соолугуна байланыштуу кечеңдеткен болчу.