Катар Бириккен Араб Эмирликтеринин айткандарын жалганга чыгарды

Катар жарандык авиация башкармалыгы Бириккен Араб Эмирликтерине таандык эки жүргүнчү учагына кысым көрсөткөндүгү тууралуу айтылгандарды төгүнгө чыгарды.

938612
Катар Бириккен Араб Эмирликтеринин айткандарын жалганга чыгарды

Катар жарандык авиация башкармалыгы Бириккен Араб Эмирликтеринин Катар аскердик учактарынын Бириккен Араб Эмирликтерине таандык эки жүргүнчү учагына кысым көрсөткөндүгү тууралуу айтылгандарды төгүнгө чыгарды.

Жарандык  авиация башкармалыгы тарабынан берилген жана Катар кабар агенттигинде жарыяланган билдирүүдө : «Бул айтылгандар Бириккен Араб Эмирликтеринин көптөгөн жолу Катар аба мейкиндигинде жасаган эреже бузууларыды жабуу кыймылы»,- деп айткандыгына орун берилди.

Бириккен Араб Эмирликтеринен мындай маалыматтын берилиши Катар тарабын таң калтыргандыгы билдирилген маалыматта Катардын эл аралык аба коопсуздугу жана сапат стандарттарына шайкеш экендиги белгиленди.

Бириккен араб Эмирликтери жарандык авиациясынын башкы директорлугу кечээ Катар аскердик учактарынын Бириккен Араб Эмирликтерине таандык эки жүргүнчү учакты кысымга алгандыгын ортого салган.

Катар Бириккен Араб Эмирликтерине каршы  2017 -  жылы 21 -  декабрда, 3 – 14 – январда жана 25 – фераль,  4 -  март күндөрү аба мейкиндиги эрежелерин бузду деген негиз менен БУУна кайрылган болчу.

Катар Бахрейнди да эки жолу аба мейкиндиги эрежелерин бузуу менен арызданган болчу. Бириккен Араб Эмирликтери болсо Катардын 15 -  январда бир жүргүнчү учагын кысымга алгандыгын ортого салган.



Тектеш кабарлар