Бул орой мамилесине сөзсүз жооп беребиз

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров,Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте маалымат берди.

938672
Бул орой мамилесине сөзсүз жооп беребиз

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, англиянын чалгындоо кызматына маалымат саткан мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын Лондондун Солсбери районунда ууланышынын себебинен территориясындагы айрым орус дипломаттарды өлкөсүнөн чыгарган батыштык өлкөлөрдүн «бул орой мамилесине сөзсүз жооп бере тургандарын» айтты.

Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте маалымат берген Лавров, Орусиянын Англия, АКШ, Австралия жана 16 Европа Биримдигине мүчө өлкөнүн орус дипломаттарды өлкөсүнөн чыгаруу чечимине жооп берилип берилбей турганы суроосуна, «Жооп беребиз камсанабаңыздар. Ал эми бул оройлукка чыдап берүүнү эч ким каалбайт. Муну кылбайбыз»,-деди.

Вашингтон жана Лондондогу саясатчылардын жарыялоолорунун, Англо-саксон британиялык сот системасына акаарат мүнөзүндө болгонун белгилеген Лавров: «Учурдагы абал, батыштык күчү жеткен элиталардын элдин үнүнө кулак салбаганын көрсөтүп турат. Бүгүн мага «Die Welt» гезитинин анкетасы тууралуу кабар жөнөтүштү. Буга караганда элдин 80 пайызынан көбү Орусияга санкция киргизилишине терс караганын белгилөөдө. Ушул себептен түздөн-түз демократия механизмдерин дагы тыгыз колдонуубуз керек»,-деп айтты.

Лавровго караганда орус дипломаттардын Батыш өлкөлөрүнөн чыгарылышынын артында «Вашингтон ишке ашырган чоң кысым көрсөтүү жана шантаж» жатат.



Тектеш кабарлар