Ирак армиясынын жарыясы
Ресул, Ирак армиясынын күчтөрүнүн кечээ ПККнын Синжардан чыккан жерлерине жайгашканын айтты.
937486
![Ирак армиясынын жарыясы](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d8c9/4f49/6066/5ab8954560e33.jpg?time=1718932220)
Ирак армиясынын жикчил террор уюму ПККнын Мусулдун Синжар районунан чыгып кеткен аймактарга жайгашканы билдирилди.
Ирактын биргелешкен операцялар командирлигинин басма сөз катчысы генерал-лейтенант Яхия Ресул, 15-бригадага караштуу бөлүктөрдүн Синжар району жана Синун шаарчасына өтүп оор куралдары менен аймакка жайгашканын айтты.
Ресул, Ирак армиясынын күчтөрүнүн кечээ ПККнын Синжардан чыккан жерлерине жайгашканын айтты.
Террор уюму ПКК, 2014-жылдын 3-августунда ДЕАШтын Синжардагы езиддерге кол салганын шылтоо кылып ал аймакка кирип алган.