Франциянын президенти Эммануэль Макрон В. Путинге телефон чалып куттуктады

Сүйлөшүүдө Франция жана Европа менен Орусиянын ортосунда  диалогдун мааниси баса белгиленди.

933716
Франциянын президенти Эммануэль Макрон В. Путинге телефон чалып куттуктады

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын президенттигине кайрадан шайланган В. Путинге телефон чалып, өлкөсүнүн социалдык, экономиклык, саясий жана демократиялык модернизацияда  ийгиликтүү болушун каалады.

Франциянын президенттик сарайы Елисейден берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Макрон менен Путиндин телефон аркылуу сүйлөшкөндүү белгиленди. Маалыматта Орусиядагы шайлоодон кийин жана Путин дагы бир жолу кызматын өткөрүп алуу үчүн даярданып жатканда президент Макрондун Франциянын атынан Орусияга жана орус калкына, социалдык, экономикалык, саясий жана демократиялык модернизацияда ийгилик каалагандыгы билдирилди. Сүйлөшүүдө Франция жана Европа менен Орусиянын ортосунда  диалогдун мааниси баса белгиленген маалыматта Макрондун Сирияда Чыгыш Гута жана Африндеги абалдардан улам санааркоосун кесиптешине билдиргендиги жана Орусияны кагылышуулар менен жарандык жоготууларга тоскоол болуу үчүн колунан келгенди  аткарууга чакыргандыгы белгиленди.

Маалыматта Макрондун Украина тууралуу өлкөнүн эл аралык жамаат тарабынан таанылган жеринин бүтүндүгү жана эгемендигинин кайрадан түзүлүшү, Минск келишиминин эң кыска убакта ишке киришине карата баш ийүүчүлүктү улантып жаткандыгы баса белгиленди. Макрондун Француз жарандарынын коопсуздугун түзүү үчүн көрүлгөн чаралар тууралуу Путинге маалымат бергендиги белгиленип, Солсбериде мурунку орус агенти Сергей Скрипал учураган химиялык кол салу тууралуу бардык жоопкерчиликтин ачыкка чыгарылышы, Химиялык куралдарга тыюу салуу уюмуна билдирилбеген бардык ядролук программаларга олуттуу түрдө кароого чакырылгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар