Францияда иш таштоо толкуну башталууда

Өлкөдө көп сандаган сектордо иш таштоо болот жана митингдер өткөрүлөт.

931728
Францияда иш таштоо толкуну башталууда

Францияда аба жолу, темир жолу жана метро транспорту менен камсыз кылган мекемелер менен бирге пенсиядагылар жана кызматкерлер да иш таштоо чечимин чыгарды.  Өлкөдө көп сандаган сектордо иш таштоо болот жана митингдер өткөрүлөт.

Улуттук темир жол фирмасы өкмөттүн реформа чечимине каршылык көрсөтүү максатында апрель айынан баштап 36 күнгө созула турган иш таштоо, жумасына 2 күн жалпы өлкөдөгү поезд каттамдарында акырындоонун болорун билдирди.

CGT профсоюзунун жетекчиси Лоран Брун 22 -  мартта борбор шаар Парижде 25 миң киши катыша турган бир митингдин өткөрүлөрүн жана өкмөттүн реформа чечимин өзгөртүшү үчүн баштала турган иш таштоонун узартылышы мүмкүн экендигин билдирди. Өлкөдө мамлекеттик кызматкерлер мүчө болгон 7 профсоюз тарабынан берилген орток билдирүүдө ошол эле күнү Парижде абдан чоң митингдин өткөрүлөрү белгиленди.

Париж жана тегерегин метро, трамвай транспорту менен камсыздаган РАТП мекемесинин кызматкерлери да темир жолдору жана коомдук кызматкерлеринин укуктарын коргоо жана колдоо көрсөтүү үчүн 22 -  мартта иш таштоо жана митингге чыгуу чакыруусуна кошулду.

Француз улуттук аба жолдору фирмасы Air France  аба жолунун кызматкерлери болсо бир айдын ичинде үчүнчү жолу иш ташташтоо чечимин чыгарышты. 23 - мартта  боло турган иш таштоодон кийин 30 -  мартта да бир иш таштоонун болорун билдирди.



Тектеш кабарлар