Рияд эл аралык китеп жарманкеси ачылды

Рияд эл аралык китеп жарманкеси 24 -  марта чейин ачык болот.

930495
Рияд эл аралык китеп жарманкеси ачылды

Сауд Аравияда көп сандаган басмакана катышкан 2018  Рияд эл аралык китеп жарманкеси башталды.

Рияд эл аралык конгерсс жана жарманке борборунда уюштурулган жана Бириккен Араб Эмирликтеринин сыймыктуу коногу катары катышкан жарманкенин ачылышына Сауд Аравиянын маданият жана информация министри Авад бин Салих ел  - Авад менен Бириккен Араб Эмирликтеринин маданият министри Эмире бинт Кааб менен бир топ жогорку деңгээлдеги жетекчи катышты.

Сауд аравиялык министр Авад ачылуу сөзүндө жарманкенин Жакынкы Чыгышка маданий баалуулук кошкон иш чарага айлангандыгын белгиледи. Жарманкенин бул жылы «Китеп : келекчтин айланышы» деген ураан менен өткөрүлгөндүгүн айткан Авад 500дөн ашуун басмакананын жарманкеге катышкандагын айтты.

Сауд аравиялык министр өзгөчө бул жылы жарманкенин негизинде 80ден ашуун маданий иш чарага да орун берилерин сөздөрүнө кошту.

Рияд эл аралык китеп жарманкеси 24 -  марта чейин ачык болот.

 



Тектеш кабарлар