Трамп - Ким жолугушуусу май айынын акырында өтөт

Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс жолугушуунун берилген убадалардын орундатылышына байланыштуу экендигин айтты.

926699
Трамп  - Ким жолугушуусу май айынын акырында өтөт

Трамп  - Ким жолугушуусунун эң кеч май айынын акырына чейин ишке ашышы күтүлүүдө.

Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Ченг Ындын ортосунда өткөрүлөрү билдирилген жолугушуунун берилген убадалардын орундатылышына байланыштуу экендигин айтты. Ак үйдөгү басма сөз брифингинде : «Түндүк Корея берген убадасында турбаса бул жолугушуу болбойт»,- деген Сандерс Түндүк Кореядан так  кадамдардын ташталышын күтүшкөндөрүн баса белгиледи.

Президент Дональд Трамп да твиттер кабарында : «Түндүк Корея менен келишим түзүлө ала турган болсо бүткүл дүйнө үчүн абдан жакыш болот»,- деди.

Трамп  - Ким жолугушуусунун эң кеч май айынын акырына чейин ишке ашышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар