Сирияда Адам укуктары желесинин отчету үрөйдү учурат...

Сирия Адам укуктары желесинин (SNHR) отчетунда режим күчтөрүнүн абадан жана кургактыктан кол салууларында 22си бала, 16сы аял болуп бардыгы 114 жаран каза тапканы билдирилди.

922277
Сирияда  Адам укуктары желесинин отчету үрөйдү учурат...

Сирияда Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин 24-февралда жарыялаган «гуманитардык ок атышпоо» токтомунан кийин алгачкы 6 күндөгү кол салууларда 146 жаран каза болду.

Сирия Адам укуктары желесинин (SNHR) отчетунда режим күчтөрүнүн абадан жана кургактыктан кол салууларында 22си бала, 16сы аял болуп бардыгы 114 жаран каза тапканы билдирилди.

Режим күчтөрүнө абадан колдоо көрсөткөн Орусиянын согуштук учактарынын 6 күндөгү кол салууларында 5 жарандын каза болгону белгиленген отчетто, террор уюму ДЕАШка карай коалициялык күчтөрдүн бомбалоолорунда 10у бала, 4ү аялдан турган бардыгы 16 жарандын каза тапканы белгиленди.

Отчетко караганда террор уюму ДЕАШ 4ү баладан турган 5 жаранды өлтүрсө, ким экени белгисиз тараптардын кол салууларынан 2си бала, бири аялдан турган 6 жаран көз жумду.

Ортчетко караганда режим күчтөрүнө таандык тик учарлар 24-февралдан кийинки 6 күндө Чыгыш Гута менен кошо Дамасктын элет жери аймагына 83, Хаманын элет жерине 4 жолу баррель бомбасы менен кол салды.

БУУнун коопсуздук кеңеши 24-февралда чыгарган 2401 номердүү токтом менен Чыгыш Гутадан баштап Сириянын жалпысында жарандар үчүн гуманитардык ок атышпоо жарыяланышын талап кылган. Бирок «кечигилбестен» ишке ашырылышын талап кылган ок атышпоонун кандай баштала турганы белгисиз бойдон калган.

Оппозициячылдардын көзөмөлүндөгү Чыгыш Гутада орто эсеп менен 400 миңдей киши 5 жылдан бери курчоо астында турат.



Тектеш кабарлар