АКШнын ЙПГ террористтерин машыктырган көрүнүштөр ортого чыкты

Террордук уюм ЙПГ АКШнын аскердик машыктырууларынын көрүнүштөрүн социалдык медиа аркылуу жарыялады.

916845
АКШнын ЙПГ террористтерин машыктырган көрүнүштөр ортого чыкты

АКШнын жол башчылыгындагы эл аралык коалициянын ПКК жикчил террордук уюмунун Сириядагы уландысы ЙПГни Манбичте машыктыргандыгы боюнча көрүнүштөр ортого чыкты. Террордук уюм ЙПГ АКШнын аскердик машыктырууларынын көрүнүштөрүн социалдык медиа аркылуу жарыялады.

Коалициянын колдоосу менен аскердик машыгуудан өткөн ондогон террорист да болгон көрүнүштөрдө террордук уюм ЙПГнин байрактары көңүлдөрдү бурду.

АКШ 7 жылдан бери Сирияда болуп жаткан согушка Түркиянын каршы чыккандыгына карабастан көптөгөн жылдардан бери ЙПГ менен кызматташтык түзүүдө.

2016 -  жылдын жай мезгилинде башка бир террордук уюм ДЕАШ чыгарылган Манбичке  ЙПГ террористтери жайгашкан. Вашингтон Түркияга көптөгөн жолу убада бергенине карабастан  булардын аймактан чыгып кетишине мүмкүнчүлүк түзгөн жок. Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон  борбор шаар Анкарага сапар менен келип, президент Р. Т. Эрдоган жана кесиптеши тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушуусунун натыйжасында Анкара менен Вашингтон кура турган орток механизмде карала турган темалардын башында Манбичтин тургандыгын билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар