Чыгыш Карадеңизден Орусияга экспорт

Январь айында аймактан Орусияга 13 миллион 751 миң 149 долларлык экспорт кылынды.

913410
Чыгыш Карадеңизден Орусияга экспорт

Чыгыш Карадеңизден Орусия Федерациясына быйылкы жылдын биринчи айында 13 миллион 751 миң 149 долларлык экспорт ишке ашты.

Чыгыш Карадеңиз экспортчулар бирикмесинин көрсөткүчтөрүнө караганда, январь айында аймактан Орусияга 22 миң 28 тонналык азык жөнөтүлдү.

Аты аталган мезгилдеги экспорттун 12 миллион 598 миң 11 долларлык бөлүгүн жашылча жана мөмө-жемиштер түздү.

882 миң 797 доллар менен фундук жана жемиштер экинчи, 99 миң 778 доллар менен таруу, фасоль сыяктуу азыктар да үчүнчү орунда турат.



Тектеш кабарлар