АКШ Малайзияны уйгурларды коргоого чакырды

АКШ Малайзияны 11  уйгурду убактылуу коргоого алууга чакырды.

912134
АКШ Малайзияны уйгурларды коргоого чакырды

АКШ Малайзияны бул өлкөдө кармалып турган жана Кытайга жибериле турган болсо зомбулукка дуушар боло тургандыгын билдирген 11  уйгурду убактылуу коргоого алууга чакырды.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Азия катчысы Майкл Кейви Малайзиядан «эрктеринин тышында кайра кайтарыла турган болсо кыйноо жана зулумчулукка дуушар болушу мүмкүн» болгон уйгурларды коргоого алууларын сурангандыгын, ошол эле учурда бул кишилерди башка бир өлкөгө жайгаштыруу ыктымалын карап чыгуу үчүн БУУнун качкындар комиссарлыгынын маалыматтарына жетүүсүнө уруксат берүүгө чакыргандыгын билдирди.

Малайзиянын вице  - премьери Ахмед Захид Хамид өткөн жумада Кытайдын уйгурлардын тапшырылышын расмий түрдө талап кылгандыгын айткан болчу. Малайзиядагы 11 уйгурдун ноябрь айында Таиланддын түштүгүндөгү качкын борборунан качкан 20 кишилик группада орун алгандыгы болжолдолууда.



Тектеш кабарлар