Путин-Салман сүйлөшүүсү

Эки лидер телефондо сүйлөштү.

910906
Путин-Салман сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз телефондо сүйлөштү.

Кремлдин Басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Сочидеги Улуттук диалог конгрессинен кийин Сириядагы абалды караган Путин менен король Салмандын сүйлөшүүсүндө, Булуңдагы акыркы кырдаалды да талкуулагандары белгиленди.

Сүйлөшүүдө король Салмандын Катар жана айрым берки өлкөлөр менен болгон карым-катнаштарына токтолгону баса белгиленген билдирүүдө, Путиндин аймактагы кризистин терроризмге каршы биргелеше күрөшүүгө жана Жакынкы Чыгыштын ырааттуулугуна пайда алып келбегенин билдиргенине да орун берилди.

Ошондой эле Путин менен король Салмандын энергетика, аскердик-техника жана соода тармактарында Орусия менен Сауд Арабиянын ортосундагы кызматташтыкты арттырып улантуу темасында да бирдей пикирде экендиктери баса белгиленди.



Тектеш кабарлар