АКШдагы кол салуу...

Бровард шаарындагы мектептин мурдагы окуучуларынан болгон кылмышкер Николаус Круз кармалды.

910921
АКШдагы кол салуу...

АКШнын Флорида штатында бир лицейге кол салуу болуп 17 киши каза тапты.

Бровард шаарындагы мектептин мурдагы окуучуларынан болгон кылмышкер Николаус Круз кармалды. Николаус Круздун өткөн жылы тартип бузуу кылмышынын себебинен мектептен чыгартылганы белгиленди.

Полициянын жарыясына караганда 12 кишини мектептин ичинде өлтүргөн Николаус Круз, тышка чыккандан кийин мектептин бакчасында эки кишини жана көчөдөн өтүп бараткан башка бирөөнү да өлтүргөн. Эки киши болсо ооруканада жан берди.

Николаус Круздун окуучулардын мектептеги чогулуучу жерге чыгышы үчүн жана дагы көп кишини өлтүрүш үчүн атайылап өрт тревогасын иштетип жибергени белгилүү болду.

Окуучуларды көздөй эч титиребестен ок аткан Николаус Круздун колунда AR-15 үлгүсүндөгү мылтык болгону айтылды.

Жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийин болгон окуядан кийин жергиликтүү полициянын окуяга дароо бөгөт коюп, окуядан кийин лицейдин жабылганы жана бардык окуучулардын чыгарылганы билдирилди.

Ооруканага жаткарылган жаралуулардын абалы туурасында маалымат берилген жок.

Американын Федералдык териштирүү кеңсесинин (FBI) териштирүүсү улантылууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп, окуядан бир канча саат кийин Твиттер барагынан маалымат бөлүштү.

Трамп: «Дуаларыбыз жана кайрат айтууларыбыз Флоридадагы коркунучтуу кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана жакындары менен болот. Эч бир окуучу, мугалим же башка бирөө Американын эч бир мектебинде өзүн кооптуу сезбеши керек»,-деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар