АКШ Жакынкы Чыгышка 7 триллион доллар сарптаган
АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдө маалымат берди.
![АКШ Жакынкы Чыгышка 7 триллион доллар сарптаган](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4f71/cdb8/d1fa/5a5af992c7b8b.jpg?time=1719019970)
АКШнын президенти Дональд Трамп, өлкөсүнүн Жакынкы Чыгышта ушул күнгө чейин 7 триллион доллар сарптаганын айтты.
Ак үйдө АКШнын 2019-жылга карата бюджетине байланыштуу маалымат берген Трамп, Жакынкы Чыгышта чоң суммадагы каражаттарды сарптагандарын билдирди.
Трамп: «Бир канча ай мурдагы акыркы эсептөөлөргө караганда Жакынкы Чыгышта 7 триллион доллар сарптадык. Чоң жаңылыштык, бирок абал ушундай. Учурда Жакынкы Чыгыш, ал жерге анчейин туура болбогон түрдө 17 жыл мурда киргендеринен дагы жаман абалда. Өтө капага салуучу жагдай»,-деп айтты.
Президент боло электен мурдагы шайлоо үгүт мезгилинде АКШнын Иракты басып алуусун «чоң жаңылыштык» деп сыпаттаган Трамп, өлкөсүнүн Жакынкы Чыгышка аскердик жактан дагы көп кийлигишип жатат деп арызданып келген.