Орусия жаңы ракетасын сынады

Жаңы ракетанын сыноодон ийгиликтүү өткөнү белгиленди.

909045
Орусия жаңы ракетасын сынады

Орусия абадан коргонуу системасына таандык өнүктүрүлгөн жаңы ракетасын сынады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, жаңы ракетанын ийгиликтүү сыналганы белгиленди.

Сыноонун Казакстандагы Сары-Шаган полигонунда өткөрүлгөнү маалымдалган билдирүүдө, учуу аралыгы, так жана ыкчамдыгы менен жаңы ракетанын тийиштүү тактикалык жана техникалык өзгөчөлүктөрүнүн, учурдагы куралдарга салыштырмалуу өтө эле жогору экени айтылууда.

Билдирүүдө жаңы иштелип чыккан абадан коргонуу ракетасынын, жаңы муундагы контитенттер аралык баллистикалык ракеталардын колдонулушу менен катар бир жана көп кишилик кол салууларга бөгөт боло ала турганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар