Кытай Сирияда дагы көп роль алууга ниеттүү

Үч супер күчтүн арасында Сирияга аскер жибербеген бир гана өлкө Кытай.

909062
Кытай Сирияда дагы көп роль алууга ниеттүү

АКШ менен Орусиядан кийин Кытай да Сирияда дагы көп роль алууга ниеттүү экендигин билдирди. Кытайдын Дамасктагы элчиси Ци Цяньцзинь өлкөсүнүн Сириядагы кризистин чечилиши үчүн дагы чоң роль ойной тургандыгын айтты. Өлкөсүнүн Синьхуа маалымат агенттигине маалымат берген кытайлык дипломат : «Сириянын өнүгүшү жана кайрадан курулушу менен алектенүүнүн убагы келди. Менин оюмча Кытай бул процессте Сирия калкы жана өкмөтүнө дагы көп жардам берип дагы көп роль ойнойт»,- деди.

Дамасктагы Мувасат университетинин ооруканасына барган элчиге жардам берген оорукананын директору рахмат айтты. Андан мурда да Сирия транспорт министри өлкөдөгү транспорт желесинин оңдолушунан кийин Кытайга чейин темир жол транспортунун курула аларын айткан болчу.

Кытайдын Global Times гезитинин берген маалыматына ылайык апрель айынан бери эң аз 30 кытайлык инвестор Сирияга барып инвестиция мүмкүнчүлүгүн изилдеген.

Сирия келишпестигинде эл аралык тармакта Орусия менен бирге кыймыл кылган Кытай  бир тараптан АКШнын каршы чыкпашы үчүн аракет кылууда.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сирия тууралуу 7 орчундуу добуш берүүдө Кытай жалпысынан арсар добуш берип Орусия  - АКШ эсептешүүсүнүн тышында калууну тандаган.

Үч супер күчтүн арасында Сирияга аскер жибербеген бир гана өлкө Кытай.



Тектеш кабарлар