Израилдин  Газага жардамдарды жеткирүү боюнча уруксат чечими

Жардамдар коопсуздук чектөөлөр жана эл аралык байкоо астында аймакка киргизилет.

907773
Израилдин  Газага жардамдарды жеткирүү боюнча уруксат чечими

 

Израилге таандык Канал 10 телекөрсөтүүсүнүн маалыматына ылайык коргоо министри Авигдор Либерман, башкы штабдын төрагасы Гади Эйзенкот менен Израиль армиясынын түштүк командирлигинин төрагасы, генерал  -  майор Ейал Замир өткөргөн жыйында эл аралык жардамдардын Газага  кирүүсүн бекитүү чечимин чыгарышты.

Жыйында жардамдардын белгиленген коопсуздук чектөөлөр жана эл аралык байкоо астында аймакка киришине уруксат берилери белгиленди. Кабарда чыгарылган бул чечим тууралуу кенен маалыматка орун берилген жок.



Тектеш кабарлар