Йеменде болгон кагылышуулар
Наты аймагында акыркы 24 саатта катуу кагылышуулар болду.
901981
![Йеменде болгон кагылышуулар](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ba2c/51c5/eebc/5a702d64da51f.jpg?time=1718927415)
Йемен армиясына караштуу бөлүктөрдүн Ел – Бейда облусунда алдыга жылып бара жаткандыгы, хусилер менен чыккан кагылышууларда эки тараптан 23 киши каза болгондугу билдирилди.
Өкмөт жактоочусу Элдик Каршы Чыгуу Күчтөрүнүн командирлеринен Ахмед ел - Мысбаи Наты аймагында акыркы 24 саатта катуу кагылышуулардын болгондугун, Сауд Аравиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү абадан жардам берген операцияда көптөгөн стратегиялык аймактын хусилерден куткарылгандыгын айтты.
Мысбаи болгон кагылышуулар учурунда 16 хуси менен 7 аскердин каза болгондугун билдирди.