Венада эки күндүк жыйын өтөт

Сүйлөшүүлөрдүн эки тарап үчүн тең маанилүү сыноо болоору билдирилди.

896687
Венада эки күндүк жыйын өтөт

Австриянын борбор шаары Венада эки күнгө созула турган Сирия темалуу атайын жыйын өткөрүлөт.

Сириялык оппозициячылдар түзгөн Сүйлөшүү боюнча жогорку комитеттин жетекчиси Насыр Харири, сүйлөшүүлөрдүн эки тарап үчүн тең маанилүү сыноо болоорун айтты.

Харири Венага аттанаар алдында БУУнун Коопсуздук кеңешинин баш катчысы менен катар, президент Режеп Таййип Эрдоган да арасында болгон лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн түшүндүрдү.

Харири, сүйлөшүүлөрдүн берки өнөктөшү болгон Башар Асад режиминин сүйлөшүүлөрдү саботаж кылып, процесстин илгерилешине тоскоол болгонун кайталады.

Орусиянын Сочи шаарында өтө турган Сирия улуттук диалог конгрессине катышып же катышпай тургандарына азырынча чечим чыгара электигин белгилеген Харири, бул эки күндүк мөөнөттүн ичинде теманы талкуулап чечим чыгара тургандарын белгиледи.

Афринге карай «Зайтун бутагы» операциясына байланыштуу суроого жооп берген Харири, террордук уюм ПЙД/ПККнын аймакта кылмыш кылып жатканын жана берки айрым террордук түзүмдөр менен чогуу кыймылдаганын белгиледи.



Тектеш кабарлар