Путин диний билим берүүгө колдоо көрсөтөт

Путин Казанда дин аалымдары менен жолукту.

897088
Путин диний билим берүүгө колдоо көрсөтөт

Орусиянын президенти Владимир Путин, Исламдын жана мусулман коомчулуктун, орус маданий түзүлүшүнүн өзгөргүс бир бөлүгү экенин белгиледи.

Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Татарстан Республикасынын борбор шаары Казанда, Орусиянын алдыңкы дин аалымдары менен жолукту.

Исламдык диний билим берүүнүн Орусияда кайрадан жандандырылышынын абдан маанилүү экенине токтолгон Путин: «Диний билим-берүү, ар дайым тереңдикке жана мыкты тарыхка эгедер. 1917-жылдагы төңкөрүштөн мурда орус-мусулман теологдор, дүйнөнүн бардык жеринде абдан ардакталган адамдар катары таанылчу жана көз караштары өтө баалуу эле»,-деди.

Советтер Союзу мезгилинде болсо бул баалууктун жоголгонун баса белгилеген Путин: «Өкмөтүбүз Орусияда Исламдык диний билим берүүгө колдоо көрсөтүлүшү үчүн кадамдарды таштайт. Анткени салттуу Ислам, орус маданий түзүлүшүнүн маанилүү бир бөлүгү болуп саналат жана мусулман коомчулугу да Орусиянын көп улуттуу элинин негизги элементи экени шексиз»,-деди.

Орусияда калктын 15 пайызын түзгөн орто эсеп менен 20 миллион мусулман жашайт.

 



Тектеш кабарлар