Түркия «Зейтин далы» кыймылы темасында бизди эскертти

АКШнын коргоо министри Жим Маттис, Түштүк Чыгыш Азияга бара жатканда учакта журналисттерге маалымат берди.

893961
Түркия «Зейтин далы» кыймылы темасында бизди эскертти

АКШнын коргоо министри Жим Маттис, Түркиянын «Зейтин далы» кыймылы темасында өздөрүн эскерткенин айтты.

АКШ медиасында орун алган маалыматтарга караганда Маттис, Түштүк Чыгыш Азияга бара жатканда учакта журналисттерге Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүк батышындагы Африн аймагында ЙПГ/ПКК жана ДЕАШка мүчө террористтерди жок кылыш үчүн баштаган операциясы тууралуу маалымат берди.

Түркиянын маанилүү НАТО шериктеши экенин баса белгилеген Маттис: «Түркиянын мыйзамдуу коопсуздук санааркоолору бар»,-деп айтты.

Кол салуудан мурда Түркиянын АКШны эскерткенин белгилеген Маттис: «Түркия ачык айтты. Абадан операция жүргүзүүдөн мурда муну кыла турганы боюнча бизди эскертти»,-деди.

Айрыкча Маттис, Түрк куралдуу күчтөрүнүн Афринде жүргүзгөн операциясынын себебинен аймакта орун алган АКШ аскерлеринин коркунуч астында болбогонун белгиледи.



Тектеш кабарлар