Түндүк Корея дүйнө жөзүн экиге бөлөбү?

Канаданын Ванкувер шаарында эртең Түндүк Корея кризиси карала турган жыйналыш өтөт.

888694
Түндүк Корея дүйнө жөзүн экиге бөлөбү?

Канаданын Ванкувер шаарында эртең Түндүк Корея кризиси карала турган Тышкы иштер министрлеринин жыйналышы өтөт.

Жыйналыш, Канаданын Тышкы иштер министрлиги жана АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын кожоюндугунда өтөт.

Канаданын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жыйналыш үчүн түзүлгөн интернет барагында, жыйналышка Австралия, Бельгия, Колумбия, Дания, Франция, Греция, Индия, Италия, Япония, Нидерландия, Жаңы Зеландия, Норвегия, Филиппин, Түштүк Корея, Швеция, Таиланд жана Улуу Британия катыша турганы жарыяланды.

Жыйналышка Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун катышуусу күтүлүүдө.

Жарыяда, Канаданын Түндүк Кореянын аймактык жана эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн чыныгы жана улам өсүп бараткан коркунуч туудурган ядролук жана балллистикалык ракета программалары санааркатып жатканы белгиленди.

Анда, буларга орун берилди: «Сүйлөшүүчү, дипломатиялык чечүүчү жол табуунун зарылдык жана мүмкүн экенине ишенүүдөбүз. Тынымсыз түрдө Түндүк Кореяга карата тынчтыкчыл, дипломатиялык мамиле үчүн колдообузду жаңыладык. Канада, коопсуз жана ырааттуу Корея Жарым аралы орток максатын орундатыш үчүн шериктештери жана аймактык өнөктөштөрү менен иштешүүсүн улантат».

Бир тараптан саммитке Кытай жана Орусия катышкан жок.

«National Post» гезитиндеги бир макалада жыйналышта Кытай жана Орусиянын өкүлдүк кылынбай турганынын себебинен Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лу Канг: «Жыйналыштын пайдасынан көп зыяны болоорун жана эл аралык коомчулукту бөлүүчү таасири боло турганына ишенгенин» айтканы билдирилди.

Басма сөздө айрыкча Кытай жана Орусиянын жыйналышка чакырылышын Канада каалаганын, бирок АКШнын буга каршы чыкканы жөнүндө айтымдар да орун алды.

Башка бир кабарда болсо Кытай жана Орусия Канаданын чакыруусун четке какканы айтылды.



Тектеш кабарлар