Катардын шейхи БАЭде камакка алындыбы?

Шейх Абдуллах бин Алинин, Бириккен Аараб Эмирликтеринин (БАЭ) борбор калаасы Абу Дабиде камалып турганы айтылып чыкты.

888519
Катардын шейхи БАЭде камакка алындыбы?

Катардын бийликтеги Ал Сани үй-бүлөсүнөн шейх Абдуллах бин Алинин, Бириккен Аараб Эмирликтеринин (БАЭ) борбор калаасы Абу Дабиде камалып турганы айтылып чыкты.

Катардын Ал-Жазира телеканалында орун алган маалыматка караганда шейх Абдуллах бин Али, бир видео көрүнүшүндө БАЭнин борбор калаасы Абу Дабиде Абу Дабинин мураскору шейх Мухаммед бин Зайид тарабынан коноктолгондон кийин камалганын айткан.

Абдуллах жарыяланган видеодо, «Учурда Абу Дабидемин, Абу Дабинин мураскорунун коногу болчумун. Учурда камалган абалдамын, мага чыкпоомду айтышты»,-деди.

Абдуллах окуялардын жоопкерчилигинин шейх Мухаммедде экенин белгилеп: «Эгерде мага бирдеме болсо Катар мамлекетинин буга тиешеси жок. Мен шейх Мухаммеддин коногу болчумун. Мындан кийин мага бир нерсе болсо бардык жоопкерчиликтер шейх Мухаммедге таандык»,-деп айтты.

Видеодо качан камалганы жөнүндө маалымат берилген жок.

БАЭнин расмий маалымат агенттиги WAMда орун алган кабарга караганда Тышкы иштери жана эл аралык кызматташтык министрлигинен бир жооптуу кызматкер берген маалыматында, “Шейх Абдуллах БАЭде өзүнүн талабы менен конок болду. Катар өкмөтү ишке ашырган чектөөлөрдөн кийин БАЭге баш калкалады. Ал өзү ыраазы болуп жана жоомарттык менен кабыл алынгандан кийин меймандостук жана коргоо көрсөтүлдү»,-деп айтты.

Жооптуу кызматкер шейх Абдуллахтын пландарында кемчилик болгонун айтып, «Шейх Абдуллах өлкөсүнөн чыгып кеткиси келгенин айтты жана буга тоскоол болгон кандайдыр бир кийлигишүү болбостон бардык процедуралар жеңилдетилди»,-деди.

БАЭнин бул темадагы жалаа жабууларга капа болгонун белгилеген жарыяда, мындай жүзөгө ашыруулар жана айтымдардын, «Катар мамлекетинин кризисти башкаруудагы көнүмүш мамилеси», болгону жакталды.

Катардын тышкы иштер министрлигинин катчысы Лулве эл-Хатыр болсо өлкөсүнүн армий маалымат агенттиги QNAге берген маалыматында, «Катар мамлекети, абалды кылдат байкап жатат, бирок БАЭ менен бардык байланыш инструменттери үзгүлтүккө учуратылышынын себебинен болгон окуялардын арткы планы жана кеңириси туурасында так өкүм чыгаруу кыйын болууда»,-деди.

Шейх Абдуллах, август айында Сауд Арабия менен Катардын ортосундагы ажылык кризисинде арачылык ролу менен күн тартипке келген.



Тектеш кабарлар