Ядролук куралдардан тазаланган дүйнө мүмкүн эмес

Столтенберг «Эл аралык коопсуздук стратегиясы конференциясында» сөз сүйлөдү.

888335
Ядролук куралдардан тазаланган дүйнө мүмкүн эмес

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг «Ядролук куралдардан тазаланган дүйнө» пикирин колдогонун бирок мунун мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Столтенберг, Швециянын Сален шаарында уюштурулган «Эл аралык коопсуздук стратегиясы конференциясындагы» сөз сүйлөөсүндө: «Кытай, Орусия жана Түштүк Кореяда ядролук куралдар токтоп жатканда, НАТОнун ядролук куралдарды ташташы дүйнөнү дагы коопсуз абалга алып келбейт. Дүйнөдө тең салмак болушу керек. Ушул себептен НАТО, БУУнун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган ядролук куралдарга тыюу салган эл аралык келишимди колдобойт»,-деп айтты.

Ядролук куралдарга тыюу салган келишим, БУУда ядролук куралдарга ээ болгон өлкөлөрдүн байкотторуна карабастан 122 өлкөнүн колдоосу менен кабыл алынган болчу.



Тектеш кабарлар