Африка өлкөлөрү Трампка каршылык көрсөтүштү
Трамптын сөздөрүн артка алышы жана кечирим сурашын талап кылган билдирүүдө, АКШнын президенти Трампты айыптаган бардык америкалыктарга ырахмат айтылды.
![Африка өлкөлөрү Трампка каршылык көрсөтүштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4f71/cdb8/d1fa/5a5af992c7b8b.jpg?time=1719060216)
БУУдагы Африка тобунун мүчөсү 54 өлкөнүн элчилери, АКШнын президенти Трмаптын африкалык мигранттарга карай айтылган сөздөрүнө каршы Нью-Йоркто шашылыш жыйналыш өткөрдү.
Жыйналыштан кийинки биргелешкен билдирүүдө, Трамптын Ак үйдөгү жыйналышта айрым Латын Америка жана Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттар тууралуу «Жийиркеничтүү өлкөлөрдөн келишүүдө» түрүндөгү орой сөздөрүнүн «чатактуу жана жикчил» болгону жана күчтүү түрдө айыпталганы белгиленди.
«АКШнын мекемелеринде африкалыктарды түстөрүнөн улам кемсинтүү тренди арта баштаганы санааркатып жатат»,делген билдирүүдө, Африканын ошондой эле түрдө акаарат кылынган Гаити жана башка калктар менен колдошууда экени баса белгиленди.
Трамптын сөздөрүн артка алышы жана кечирим сурашын талап кылган билдирүүдө, АКШнын президенти Трампты айыптаган бардык америкалыктарга ырахмат айтылды.
Бир тараптан Африка өлкөлөрү Сенегал жана Ботсванадан баштап бир топ Африка өлкөсүндө АКШнын элчилери, Трамптын акааратты камтыган сөздөрүнүн себебинен Тышкы иштер министрликтерине чакыртылды.
Тектеш кабарлар
![АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/058b/8927/e4a0/66767f465b7f3.jpg?time=1719060217)
АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду
Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.