Лавров журналисттерге маалымат берди

Лавров ирандык кесиптеши Зариф менен Москвада жолукту.

885841
Лавров журналисттерге маалымат берди

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия, Түркия жана Ирандын аракеттери менен Сирия Улуттук диалог конгрессине карата даярдыктарда маанилүү жылыштар болгонун айтты.

Сергей Лавров борбор шаар Москвада ирандык кесиптеги Жевад Зариф менен өткөргөн жолугушуусунда журналисттерге, 29-30-январда Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлүүсү пландалган Сирия Улуттук диалог конгрессине байланыштуу маалымат берди.

Орусия, Түркия жана Ирандын өткөн жылы Астана процесси аркылуу баштаткан демилгелеринин негизинде Женева сүйлөшүүлөрүнүн да мааниси жогорулаганын жактаган Лавров: «Бул үч өлкөнүн демилгеси менен Сирия Улуттук диалог конгрессине карата даярдыктарда да чоң жылыштар болду. Аты аталган жылыштар Орусия, Түркия жана Ирандын аракеттери менен ишке ашты»,-деп айтты.

Зариф да Лавровдун баамдоосуна кошулганына көңүл буруп: «Түрк жана орус кесиптештерибиз менен Улуттук диалог конгрессинин Сирияда саясий чечүүчү жол табуусу үчүн аракет кылууну улантууга чечкиндүүбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар