Египетте козголоңго каршы чыккан 51 кишиге 15 жылдан абак жазасы берилди

Египет мыйзамдары боюнча  30 күндүн ичинде прокураторуга нааразычылык билдирилип кассациялык сотко  алып барыла алат.

886032
Египетте козголоңго каршы чыккан 51 кишиге 15 жылдан абак жазасы берилди

Египетте аскердик сот козголоңго каршы 51 кишини 15 жылдан абак жазасына тартты. Коргоо боюнча комитеттин мүчөсү Халид  ел  - Куми билдирүүсүндө 2013 -  жылы армиянын башкарууну колго алышынан кийин Ел  -  Миня шаарындагы  митингдерде «күч колдонуу окуяларына аралашты» деген негиз менен соттолгон 51 кишинин сотунун Асюттагы аскердик сотто өткөндүгүн билдирди. Куми соттун шектүүлөрдүн ар бирине 15 жыл абак жазасы жана 20 миң жунейх башкача айтканда 100 доллар акчалай жаза бергендигин билдирди.

Египет мыйзамдары боюнча  30 күндүн ичинде прокураторуга нааразычылык билдирилип кассациялык сотко  алып барыла алат.

Качып кеткен шектүүлөр камоого алына албаса кайрадан соттолуулары керек.



Тектеш кабарлар