Түндүк Корея кошумча санкцияларды көтөрө алабы?

Европа Биримдиги Кеңеши, ядролук жана баллистикалык ракетасын сынаган Түндүк Кореяга кошумча санкцияларды киргизүү токтому чыгарылганын жарыялады.

884434
Түндүк Корея кошумча санкцияларды көтөрө алабы?

Европа Биримдиги Кеңеши, ядролук жана баллистикалык ракетасын сынаган Түндүк Кореяга БУУнун Коопсуздук кеңешинин токтомдоруна ылайык кошумча санкцияларды киргизүү токтому чыгарылганын жарыялады.

Ушул алкакта Түндүк Кореяга киргизилген чектөөчү чара көрүүлөрдүн алкагында дагы 16 киши жана 1 мекеме ЕБнин санкция тизмесине кошулду.

Анда, ЕБнин кошумча санкция тизмесинде капиталдары тоңдурулган жана виза тыюу салуусу коюлган БУУнун токтомуна ылайык 54 мекеме жана 79 киши орун алган, буга кошумча түрдө ЕБнин өзүнүн тизмесинде Түндүк Кореядан 41 киши жана 10 фирмага санкция киргизип жатканы билдирилди.

ЕБнин Түндүк Кореяга карай алгачкы санкциялары 2006-жылы башталган.

Мындан мурдагы жарыяларда, Түндүк Кореяга киргизиле турган кошумча санкциялардын алкагында өлкөгө тазаланган мунай зат товарлары жана чийки мунай зат сатылышы менен ЕБнин инвестициялары толугу менен тыюу салынып токтогон.

Айрыкча ЕБ өлкөлөрүндө иштеген Түндүк Корея жарандарынын өлкөлөрүнө жибере ала турган жумушчу валютасы 15 миң евродон 5 миң еврого түшүрүлгөн, ЕБ өлкөлөрүндө орун алган Түндүк Кореянын атуулдарынын иштөө уруксаттарынын жаңыланбоосуна чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар