ДЕАШтын эң коркунучтуу террористи кармалды

Жаралуу түрдө кармалган Булаби, Сиди Бу Зейд жана Кассарин облустарынын арасындагы Эл-Мегиле тоосунан улам «Мегиле Эмири» деген каймана ат менен билинчү.

883100
ДЕАШтын эң коркунучтуу террористи кармалды

Тунистин батыш жагындагы Кассарин облусунун тоолу аймагында террор уюму ДЕАШка караштуу Жунд эл-Халифага таандык «эң коркунучтуу террористтерден бири» жаралуу түрдө колго түшүрүлдү.

Коргоо министрлигинин Тунистин рамий маалымат агенттиги TAPта орун алган жарыясына караганда Кассарин облусуна карашуу Эс-Селум тоосунда тузак курган аскердик күчтөр Бурхан эл-Булаби аттуу террористти бутка атты.

Жаралуу түрдө кармалган Булаби, Сиди Бу Зейд жана Кассарин облустарынын арасындагы Эл-Мегиле тоосунан улам «Мегиле Эмири» деген каймана ат менен билинчү.

Булабинин террор уюму ДЕАШка караштуу Жунд эл-Халифага мүчө «эң коркунучтуу террористтерден бири» экени айтылган.



Тектеш кабарлар