Иран АКШны БУУга арызданды

АКШны эл аралык укукту жана БУУнун келишимдеринин принциптерин бузаны менен күнөөлөгөн Голамали Хошру, Трамп бийлигинин Иран тууралуу билдирүүлөрүн айыптоого чакырды.

881476
Иран АКШны БУУга арызданды

Иран, өлкөсүндө уланып жаткан нааразылык акциялары тууралуу ички иштерине кийлигишкени менен күнөөлөгөн АКШны  Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) арызданды.

Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Голамали Хошру, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш жана БУУнун Коопсуздук кеңешине жөнөткөн катында, «АКШ өкмөтү митингдерди колдоо шылтоосу менен түшүнүксүз түрдө Ирандын ички иштерине кийлигишүү кыймылдарын күчөттү. АКШнын президенти Дональд Трамп жана вице-президент Майк Пенс көп сандаган сандырактаган твиит менен ирандыктарды үгүттөөчү кыймылдарга колдоо көрсөттү»,делди.

АКШны эл аралык укукту жана БУУнун келишимдеринин принциптерин бузаны менен күнөөлөгөн Голамали Хошру, Трамп бийлигинин Иран тууралуу билдирүүлөрүн айыптоого чакырды.

Трамп, «Бузулган өкмөттөрүн кайра алуу үчүн аракет кылган Иран калкын урматтаймын. Убагы келгенде АКШдан көп жардам көрөсүздөр»,-деп жазган.

Ирандагы окуялар, 2017-жылдын 28-декабрында Мешхедде бир топ митингчинин өлкөдөгү жашоо шарттары, жумушсуздук, жемкорлук сыяктуу маселерге наарызылык билдирүү менен башталган. Кыска мөөнөттүн ичинде режимге каршы митингдерге айланган нааразылыктар, Тегеран, Кирманшах, Сенендеч, Зенжан, Шираз, Кум, Ахваз, Захидан, Эрак, Хуррем Абад сыяктуу көп сандаган шаарга жайылган.

Жалпы өлкөдөгү окуяларда ушул убакка дейре 24 киши каза тапканы, миңден ашуун митингчинин камакка алынганы билдирилди.

Ирандын төңкөрүш сакчыларынын командири Мухаммед Али Жафери, кечээ Ирандын мамлекеттик телеканалындагы сүйлөгөн сөзүндө өлкөсүндө акыркы күндөрдө болуп жаткан «режимге каршы» мтингдердин соңуна чыгарылганын айтып чыккан.

Бир жума мурда экономикалык себептер менен башталган кыймылдардын, жума күнү жана андан кийин режимге каршы чыгууга айланганын баса белгилеген Жафери, окуялар боюнча АКШ, Израиль жана Сауд Арабиянын жооптуу экенин билдирген.



Тектеш кабарлар