Украина АКШдан өлтүрүүчү курал алат

АКШ Украинага коргонуучу куралдарды берет

880803
Украина АКШдан өлтүрүүчү курал алат

Украина АКШдан өлтүрүүчү курал алат.

Украинанын президенти Петр Порошенко Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Быйыл коргонуу максатында АКШдан өлтүрүүчү курал алабыз»,-деп жазды.

Американын Associated Press маалымат агенттиги АКШлык бюрократтарга таянып берген кабарында, АКШнын президенти Дональд Трамп башкаруучулугунун Украинага Javelin аттуу танка атуучу ракеталар менен катар өлтүрүүчү курал берүү планын бекиткенин белгилеген болчу.

Мамлекеттик департаменттин катчысы Хизер Нойерт да Вашингтон башкаруучулугу Украинага жеринин бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоосу үчүн коргонуучу куралдарды жөнөтүүнү чечкенин билдирген. Коргоо министри Жим Маттис болсо АКШнын Украинадагы аскердик ролунун арттуусун күтпөгөнүн айткан эле.



Тектеш кабарлар