АКШнын Кудус токтому жокко чыгарылды

АКШ башкаруучулугу БУУнун Башкы Ассамблеясында да жалгыз калды

873470
АКШнын Кудус токтому жокко чыгарылды

БУУнун Башкы Ассамблеясы, Түркиянын демилгеси менен даярдалган жана АКШнын президенти Дональд Трамптын Кудус токтомун сынга алган, Кудустун статусуна байланыштуу «Изараилдин басып алуусундагы Чыгыш Кудус жана Палестинанын жерлериндеги пландары» темалуу мыйзам долбоорун добушка коюу үчүн атайын отурумда чогулду.

Түркиянын демилгеси менен Коопсуздук Кеңешинен кийин Башкы Ассамблеяга алып барылган долбоор 9 каршы, 128 макул добушу менен кабыл алынды.

Трамптын Израилдин борбор шаары Кудус деп жарыялаган токтомуна 35 өлкө да калыс добушун берди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Кудусту Израилдин борбор шаары деп жарыялаган 6-декабрдагы токтому ушундайча жокко чыгарылды.

Трамп ошол билдирүүсүндө АКШнын элчилигин Израилдин борбор шаары Тель-Авивден Кудуска көчүрүү буйругун да бергенин айткан эле.

Бирок БУУнун токтомдоруна туура келбеген бул абал дүйнөдө колдоо тапкан жок.

Коопсуздук Кеңешинен кийин Башкы Ассамблеядагы добушка коюунун жыйынтыгы менен Трамп башкаруучулугу бардык коркутууларына карабастан Кудустун статусу темасында жалгыз калды.  



Тектеш кабарлар