Кудус жана Газадагы акыркы кырдаал...

Израиль күчтөрүнүн басып алуусу астындагы Чыгыш Кудус менен Газа чек арасында АКШнын токтомуна нааразылык акцияларын өткөргөн палестиналыктарга кийлигишүүсүнүн себебинен 13 жаран жараланды.

869986
Кудус жана Газадагы акыркы кырдаал...

Израиль күчтөрүнүн басып алуусу астындагы Чыгыш Кудус (Иерусалим) менен Газа чек арасында АКШнын «Кудусту Израилдин борбор шаары» деп тааныган токтомуна нааразылык акцияларын өткөргөн палестиналыктарга кийлигишүүсүнүн себебинен 13 жаран жараланды.

Кармалып кеткен кудустук үй-бүлөлөр комитетинин төрагасы Эмжад Абу Асаб, басып алуу астындагы Чыгыш Кудустун Салахаддин көчөсүндөгү митинг убагында арасында балдар да орун алган 5 палестиналыктын «Азап» деп аталган жарандык кийимчен операциялык топторго караштуу Израиль күчтөрү тарабынан кармалып кеткенин билдирди.

Палестина Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү жарыясында да Израиль полициясынын атчан бөлүктөрү жана үн бомбалары менен кийлигишкен Салахаддин көчөсүндөгү митингдерде 8 палестиналыктын жаракат алганы, жаралуулардын ошол жерде жаралары таңылганы белгиленди.

Бир тараптан Израиль аскерлеринин Газа чек арасында АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таануусуна каршы чыккан палестиналыктарга кийлигишүүсүнүн себебинен 5 киши жаракат алды.

Газа чек арасында Израиль аскерлеринин палестиналыктарга карай көздөн жаш агызуучу газ чачып, чын жана желим октор менен атканы, палестиналык жаштардын да буга таш ыргытып жооп кайтарганы белгиленди.

Газадагы Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф ал-Кудра, Израиль аскерлеринин Газанын чек ара аймагындагы кийлигишүүсүндө 5 палестиналыкка чын ок тийгенинин себебинен жарадар болгонун айтты.

АКШнын Кудусту Израилдин борбор шаары деп таануу токтомунан кийин Газа, Кудус жана басып алуу астындагы Батыш Шерианын ар кайсы аймактарында чыккан нааразылык акцияларына Израилдин кийлигишүүсү менен өткөн аптада Газа тилкесин абадан бомбалоосунда ушул убакка дейре 8 палестиналык шейит болду.

АКШнын президенти Дональд Трамптын аты аталган токтомунан кийин башталган окуяларда көп сандаган палестиналык чыныгы ок жана желим ок тийип жараланса, жүздөгөнү атылган газ бомбасынан таасир алышты.



Тектеш кабарлар