Сирия сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистура Женева 8 -  сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз болгондугун билдирди.

869226
Сирия сүйлөшүүлөрү ийгиликсиз

БУУнун Сирия атайын өкүлү Стаффан де Мистура Швейцариянын Женева шаарында 28 -  ноябрда башталган Сирия тема болгон Женева 8 -  сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз болгондугун билдирди.

Сирия тема болгон Женева  8 -  сүйлөшүүлөрүнүн акыркы күнүндө Мистура режим жана оппозиция делегациялары менен кечээ ар башка жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин пресс – жыйын өткөргөн Мистура 28 -  ноябрдан бери оппозициячылдар менен 11, режим делегациясы менен 7 жыйын өткөрүшкөндөрүн айтты.

Оппозициячылдардын сүйлөшүүлөрүнүн мазмунун түзгөн  өткөөл өкмөт конституция, шайлоо жана терроризм менен күрөштөн турган 4 негизги теманын баарын карап чыккандыгын баса белгилеген Мистура режимдин бир гана терроризм темасына көңүл бургандыгын айтты. Мистура Женева 8 -  сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз бүткөндүгүнө көңүлдөрдү буруп : «Аткара албадык. Эң мыкты мүмкүнчүлүктү колдон чыгардык»,- деди. Мистура сүйлөшүүлөрдү январь айында кайрадан баштоону пландашкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар