Орус атлеттери 2018 кышкы олимпиадаларына көз карандысыз түрдө катыша алат

Путин өлкөсүнүн 2018  кышкы олимпиадалардан четтетиши тууралуу Орусиянын да бул процессте бир аз каталуу экендигин айтты.

863494
Орус атлеттери 2018  кышкы олимпиадаларына көз карандысыз түрдө катыша алат

Орусиянын мамлекет башчысы В. Путин орус атлеттердин 2018 кышкы олимпиада оюндарына көз карандысыз түрдө катышуусуна эч кандай бөгөттүн коюлбай тургандыгын билдирди. Путин өлкөсүнүн 2018  кышкы олимпиадалардан четтетиши тууралуу Орусиянын да бул процессте бир аз каталуу экендигин айтты.

Эл аралык олимпиада комитетинин болсо бул жаңылыштыктарды шылтоолоп Орусияны адилетсиз түрдө жазаландыргандыгын айткан Путин : «Себеби жазада жамааттык жоопкерчилик принциби колдонулду. Дүйнөдөгү эч бир укуктук системада жамааттык жоопкерчилик принциби колдонулбайт»,- деп баа берди.

Орус атлеттердин 2018 Пхенчхан кышкы олимпиадаларына көз карандысыз катышуусуна болсо кандайдыр бир бөгөттүн коюлбай тургандыгын баса белгилеген Путин : «Олимпиадаларга көз карандысыз түрдө катышуу же катышпоо чечими толугу менен атлеттерге таандык болот»,- деди.

Швейцариянын Лозанна шаарында шейшемби күнү өткөрүлгөн IOC аткаруу кеңешинин жыйынынан кийин берилген маалыматта Орусиянын 2018 Пхенчхан кышкы олимпиадаларынан четтетилгендигин жарыялаган болчу.

Допинг тесттери таза чыккан орус атлеттердин болсо олимпиадаларга көз карандысыз түрдө катыша алары жана «Орусиядан катышкан олимпиадалык атлет» деген ат менен катыша алары билдирилген болчу.



Тектеш кабарлар