Орусиянын реактиви АКШ учагынын жолун тороду

Орусиянын согуштук учактары эң акыркы жолу июнь айында Балтика деңизинин үстүнөн Орусиянын чек арасына жакындаган АКШнын учагын тоскону учкан.

857118
Орусиянын реактиви АКШ учагынын жолун тороду

Орусиянын Su-30 реактиви АКШга таандык P-8A Poseidon үлгүсүндөгү чалгындоо учагына Кара деңиздин үстүндө жол тороо учуусун аткарды.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул тема тууралуу билдирүүсүндө Кара деңиздин үстүнөн Орусиянын чек арасына ылдам түрдө жакындаган учак белгиленгенден кийин аймакка эң жакын Su-30 үлгүсүндөгү реактив учурулганын маалымдады.

Анда АКШга таандык P-8A Poseidon үлгүсүндөгү чалгындоо учагынын Орусиянын реактивинин учуусунан кийин багытын алмаштырып Орусиянын чек арасынан алыстаганы белгиленди.

Орусиянын согуштук учактары эң акыркы жолу июнь айында Балтика деңизинин үстүнөн Орусиянын чек арасына жакындаган АКШнын учагын тоскону учкан.



Тектеш кабарлар