Путин - Трмап сүйлөшүүсү

Ак үйдөн берилген маалыматка ылайык Путин менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирия, Иран, Түндүк Корея, Афганстан жана Украина темалары каралды.

852564
Путин  -  Трмап сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү.

Ак үйдөн берилген маалыматка ылайык Путин менен Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Сирия, Иран, Түндүк Корея, Афганстан жана Украина темалары каралды.

Кремль болсо эки лидердин Сириядагы абалдарды карап чыгышкандарын билдирди. Маалыматта : «Сириядагы террористтерди жок кылуу операциясынын акырына келгендигине көңүл бурулуп, өлкөдөгү чукул чечилүүчү маселелер кенен түрдө каралды. Путин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2254 номердүү чечими Астанада түзүлгөн келишимдер жана Вьетнамда 2017 -  жылы 11 -  ноябрда билдирилген орток билдирүүнүн негизинде Сирияда узун мөөнөттүү саясий чечүүчү жолду колдоого даяр экендиги баса белгиленди»,- деп айтылды.

Путин айрыкча Сириянын мамлекет башчысы Башар Асад менен өткөргөн сүйлөшүү тууралуу Трампка маалымат берди.

1 саатка жакын созулган сүйлөшүүнүн Түркия, Орусия жана Иран лидерлеринин катышуусу менен Сочиде бүгүн өткөрүлө турган Сирия тууралуу үчтүк жыйындан мурда ишке ашышы көңүлдөрдү бурууда.



Тектеш кабарлар