Грузияда террористтерге карата операция
Тбилисиде коопсуздук күчтөрү менен террорист экендиги белгиленген топтордун арасындагы кагылышууда бир полиция жараланып, бир террорист колго түшүрүлдү.
![Грузияда террористтерге карата операция](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4fee/61b6/4bbc/5a1560e695c04.jpg?time=1719049707)
Грузиянын борбор шаары Тбилисиде коопсуздук күчтөрү менен террорист экендиги белгиленген топтордун арасындагы кагылышууда бир полиция жараланып, бир террорист колго түшүрүлдү.
Коопсуздук күчтөрү менен террористтердин арасындагы кагылышуу 17 сааттан бери улантылууда.
Эрте мененки сааттарда имараттардагы бир квартирага операциянын жүргүзүлүшү менен квартирадагылар курал менен жооп беришти.
Полициянын атайын кыймыл топтору менен куралдуу топтордун арасындагы кагылышууда кээ кээде жарылуу үндөрү угулду.
Жарандар чыгартылган аймакка ок өткөрбөс унаалар менен көп сандаган тез жардам унаалары жиберилди.
Грузия коопсуздук департаменти окуя тууралуу билдирүүсүндө бир канча убакыттан бери иликтөөгө алынган кишилердин террордук уюмдун мүчөсү экендигин белгиледи. Маалыматта Грузия жараны экендиги баса белгиленген террористтердин багынуулары үчүн жасалган чакырууга ок атуу менен жооп бергендиги баса белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/df8b/65dd/132e/61f21565413ee.jpg?time=1719049707)
Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө
Акыркы төрт жумада ооруканага жаткырылгандардын орточо саны 166 болду.