АКШ өз жарандарын эскертти

Эскертүүнүн мөөнөтү 2018-жылдын 31-январында аяктайт

849516
АКШ өз жарандарын эскертти

АКШ өзгөчө эс алуу мезгилдеринде террордук кол салуулардын күчүгөндүгүн себеп көрсөтүп Америка жарандарын Европага саякаттары темасында эскертти.

Мамлекеттик катчылыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «(Европага саякат кылган) АКШ жарандары эс алуу, фестиваль жана иш-чараларда этият болуусу керек. Бул саякат эскертүүсү 2018-жылдын 31-январында аяктайт»- деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө акыркы мезгилдерде Франция, Орусия, Швеция, Англия, Испания жана Финляндияда аты аталган кол салуулардын, ДЕАШ менен Аль-Каида сыяктуу террордук уюмдардын Европада ушуга окшогон кыймылдарды жасоого жөндөмдүү экенин көрсөткөнү айтылды.

Террористтердин курал-жарак, жарылуучу зат жана унаа сыяктуу көптөгөн кол салуу ыкмасын колдонушу мүмкүн экени боюнча эскертилген билдирүүдө, туристтик жерлер, транспорттук түйүндөр жана соода борборлору менен катар отел, клуб, ресторан, ибадаткана, парк жана чоң иш-чаралардын кол салгычтардын кызыгуусун тарткан жерлер экени маалымдалды.



Тектеш кабарлар