Трамптын Түндүк Корея тууралуу билдирүүсү

Трамп Азияга сапарынын максатын түшүндүрдү

848564
Трамптын Түндүк Корея тууралуу билдирүүсү

АКШнын президенти Дональд Трамп, «Түндүк Корея коркунучуна каршы Кытай менен катар аймак өлкөлөрүнүн бирдей пикирде экендиктерин» белгиледи.

Азияга сапарынан кийин Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйынында Япония, Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам жана Филиппиндердеги жолугушуулары тууралуу маалымат берген Трамп: «Түндүк Кореяны ядролук куралдардан тазалашыбыз керек. Сапарымдын негизги максаттарынын бири, дүйнөнү Түндүк Корея коркунучуна каршы бириктирүү эле»,- деп айтты.

Трамп Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен ушул багытта бирдей пикирде экендиктерин жана буга ыраазы болгонун белгиледи.

Сапарларында айрыкча «АКШнын Азия аймагындагы экономикалык жана соода-сатык кызыкчылыктарын коргоо» жана «аймак өлкөлөрү менен адилеттүү жана эки тараптуу соода келишимдерине кол коюу» үчүн сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн да билдирген Трамп, бул процессте миллиарддаган долларлык жаңы келишимдерди түзгөнүн айтты.

1992-жылы ошол мезгилдин президенти Жорж Буштан кийинки эң узак мөөнөттүү Азия сапарына чыккан Трамп 13 күндүк жолугушууларын кезеги менен Япония, Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам жана Филиппин аралдарында өткөрдү.



Тектеш кабарлар