Түндүк Кореялык аскер Түштүк Кореяга баш калкалады

Оор жаракат алган аскер Түштүк Корея чек арасынан өттү

846454
Түндүк Кореялык аскер Түштүк Кореяга баш калкалады

Түндүк Кореядан Түштүк Кореяга баш калкалаган бир аскерге аскер жолдошу тарабынан ок атылды.

Оор жаракат алганына карабастан Түштүк Корея чек арасынан өтө алган түндүк кореялык аскердин Түштүк Кореяда дарыланып жаткандыгы билдирилди.

Куралдардан тазаланган аймакты колдонуп Түштүк Кореяга өткөн аскердин өздүгү айтылган жок.

Түштүк Корея чек арасы, Түндүк Кореянын ракеталык сыноолору жана чагымчыл билдирүүлөрүнүн себебинен дүйнөнүн эң коркунучтуу аймактарынын арасында турат.



Тектеш кабарлар