Трамп Түштүк Кореяда...

Трамп жана Мун, Кореядагы АКШ күчтөрүнүн командири генерал Винсент К.Брукстан Түндүк Корея маселеси тууралуу маалымат алышты.

842438
Трамп Түштүк Кореяда...

АКШнын президенти Дональд Трамп, расмий сапар менен барган Түштүк Кореяда АКШнын аскердик базасы Camp Humphreysке учурады.

Япониядагы жолугушууларын аяктагандан кийин Азия турунун экинчи аялдамасы Түштүк Кореяга өткөн Трамп, сапарын Гёнги провинциясынын Пхентайк шаарында орун алган АКШнын эң чоң деңиздин ары  жагындагы аскердик базасы Camp Humphreysтен баштады.

Борбор шаар Сеулдун орто эсеп менен 70 чакырым түштүгүндөгү аскердик комплексте америкалык жана түштүк кореялык аскерлер менен бирге тамактанган Трампты Түштүк Кореянын мамлекет башчысы Мун Чже Ин коштоп барды.

Трамп жана Мун, Кореядагы АКШ күчтөрүнүн командири генерал Винсент К.Брукстан Түндүк Корея маселеси тууралуу маалымат алышты.

Мун жана Трамп, түштөн кийин борбор калаа Сеулга өтүп Түштүк Кореянын Көгүш сарай катары билинген Мамлекет башчылык кеңсесинде эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Вашингтон жана Сеулдун ортосундагы күчтүү аскердик шериктештиктин символу катары көрүнгөн Camp Humphreys, АКШнын чет өлкөдөгү эң ири аскердик түзүлүшү абалында.

2007-жылдан баштап иштей баштаган аскердик базанын жаңылануу жана кеңейтилүү долбоорунун алдыдагы жылдын акырына дейре бүтүрүлүшү күтүлүүдө.

Орто эсеп менен 10,7 миллиард доллар каржыланган долбоордо чыгымдардын 90 пайызын Түштүк Корея камсыздаган.

14,6 миллион чарчы метрдик аянтта орун алган Camp Humphreysде 26 миң аскердик кызматкер бар. Аскердик кызматкер санынын кеңейтүү иштеринен кийин 42 миңге жеткирилиши пландалууда.



Тектеш кабарлар