АКШлык генерал Түндүк Кореяны кургактыктан басып алууну сунуштады

АКШнын башкы штаб төрагасынын орун басары, генерал-лейтенант Майкл Ж.Дюмон,Түндүк Корея менен согуш башталган учурунда боло тургандарды көрсөткөн кат жөнөттү.

841502
АКШлык генерал Түндүк Кореяны кургактыктан басып алууну сунуштады

АКШнын Коргоо министрлигинен (Пентагон) жогорку даражадагы бир жооптуу кызматкер, согуш чыккан учурунда Түндүк Кореянын ядролук курал чыгарган ишканаларын жок кылуунун жалгыз жолунун кургактыктан басып алуу болоорун айтты.

АКШнын башкы штаб төрагасынын орун басары, генерал-лейтенант Майкл Ж.Дюмон, Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Тед Лиу жана Рубен Гальегого Түндүк Корея менен согуш башталган учурунда боло тургандарды көрсөткөн кат жөнөттү.

Катта, «Түндүк Кореянын ядролук курал программасынын бардык бөлүкчөлөрүн толук түрдө белгилөөнүн жана жок кылуунун жалгыз жолу кургактыктан басып алуудан өтөт» деп жазган Дюмон, Түндүк Кореяны кургактыктан басып алуу чечими чыккан учурунда Пхеньяндын бул кыймылга химиялык жана биологиялык куралдар менен каршылык көрсөтө турганы эскертүүсүн кылды.

Бир тараптан Дюмонго караганда бул абалдарда эң мыкты же эң жаман ыктымалдуулук менен канча кишинин каза боло турганын божомолдоо өтө кыйын.

АКШ жана Түндүк Кореянын ортосунда 1950-жылдардан бери болуп келген атомдук чыңалуу, Пхеньяндын акыркы мезгилдерде тез-тез континенттер аралык баллистикалык ракеталарын сыноосу жана тараптардын эки жактуу түрдө ченемсиз кайым айтышууларынын себебинен күчөдү.



Тектеш кабарлар