Түндүк Корея Трампты Түштүк Кореяга келээр алдында коркутту

Түндүк Корея Трмаптын олдоксон кыймылдарын көзөмөлгө алуунун жалгыз жолу аны чыныгы физикалык күч менен чөгөлөтүү болуп саналаарын билдирди.

841068
Түндүк Корея Трампты Түштүк Кореяга келээр алдында коркутту

Түндүк Корея, Азия турунун алкагында Түштүк Кореяга бара турган АКШнын президенти Дональд Трампты аесуз түрдө жазалай турганы менен коркутту.

Йонхап агенттигинин маалыматына караганда Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын расмий берүү органы Родонг Синмун, Трампты акмактай көз караштары менен Түндүк Кореяны олуттуу түрдө коркутканы менен күнөөлөгөн англис тилиндеги билдирүүсүн жарыялады.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги KCNAда орун алган билдирүүдө, Трамптын берки АКШ адистеринин ченемсиз шантаждарын токтотуусу жана колун Корея иштеринен тартышы керектиги тууралуу сөздөрүнө маани бериши керектиги баса белгиленди.

Анда, «Трамптын качан кандай ченемсиз мамиле кыла турганын эч ким божомолдой албайт. Олдоксон кыймылдарын көзөмөлгө алуунун жалгыз жолу аны чыныгы физикалык күч менен чөгөлөтүү болуп саналат. АКШ, Түндүк Кореянын эркине жаңылыш баа берип жана ченемсиз кыймыл кылууга аракет кылган учурунда, андан кийин бардык күчтөрдүн жапырт каршы турушу менен чечкиндүү жана аесуз жаза менен алп урушканга аргасыз болуп калат. АКШнын буга бөгөт кое турган эч кандай энергиясы жок. Кийин өкүнүп калуу үчүн кеч болот»,деген сүйлөмдөр орун алды.

Азия турунун биринчи аялдамасы Японияга барган Трамп, ал жердеги сөзүндө «Эч ким, эч бир диктатор, эч бир режим жана эч бир өлкө АКШнын чечкиндүүлүгүн кемсинтпесин»,деп айткан.



Тектеш кабарлар