Израилден палестиналыктардын изилденишине карата шарттуу уруксат
Израилдин дүйшөмбү күнү Газа тилкесинин чек арасына жакын жердеги бир туннелди жардыруусу менен 8 палестиналык набыт болгон.
![Израилден палестиналыктардын изилденишине карата шарттуу уруксат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/e383/972f/c0f2/59fc1d0545bc6.jpg?time=1719049596)
Израиль Газа тилкесинин чек арасында дүйшөмбү күнү жардырган туннелде жоголгондордун изилденишине, Газада жоголгон Израиль аскерлери тууралуу маалымат алуу шарты менен уруксат берери билдирилди.
Палестина жарандык коргонуу уюмунан берилген маалыматта : «Эл аралык Кызыл Крест комитети Израилдин туннелде жоголгондорду издөө ишин бүткөрүшү үчүн чек ара тосмосуна жакын жерге барышына уруксат бербегендигин билдирди»,- деп белгиленди. Маалыматта : «Израилдин туннелде жоголгон Исламдык жихад кыймылынын мүчөлөрүнүн изделишине уруксат бериши үчүн Газада жоголгон Израиль аскерлери тууралуу маалымат алууну шарт койгондугу белгиленип, Израилдин шарттары эл аралык укукка тескери»,- деп билдирилди.
Израилдин дүйшөмбү күнү Газа тилкесинин чек арасына жакын жердеги бир туннелди жардыруусу менен 8 палестиналык набыт болгон.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/df8b/65dd/132e/61f21565413ee.jpg?time=1719049597)
Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө
Акыркы төрт жумада ооруканага жаткырылгандардын орточо саны 166 болду.