Сауд арабиялык аялдар эми стадиондорго кире алышат
Аларга стадиондорго кирүү укугу таанылат
836605
![Сауд арабиялык аялдар эми стадиондорго кире алышат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/0ce0/87fc/e9e6/59f6d1731fd47.jpg?time=1718416723)
Сауд Арабия аялдарга келээрки жылдан тарта үч чоң шаардагы стадиондорго кирүүгө уруксат бериле турганын билдирди.
Спорт башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда Рияд, Жидда жана Даммам шаарларындагы стадиондордо өткөрүлгөн спорттук иш-чараларга аялдар 2018-жылдан тарта үй-бүлө катары кире алышат.
Өлкөдөгү стадиондор бир гана эркектер кире алган аянттар болчу.